|
БЮДЖЕТТЕГИ
АР БИР СОМДУН АРТЫНДА КЫРГЫЗ ЭЛИНИН
ЭМГЕГИ ТУРАТ
2001-2004-жылдардын
жыйынтыгы боюнча Кыргыз
Республикасынын Эсептөө
палатасы тарабынан 5589
текшерүү иш-чаралары
жүргүзүлгөн. Бардыгы
болуп 12 млрд. 800 млн. сомго(!) жеткен
финансылык мыйзам бузуулар
болгондугу аныкталып, бул сумманын
ичинен Эсептөө палатасынын
текшерүүсүнөн улам 1 млрд.113
млн. сом кайтарылды, анын ичинен
Кыргыз Республикасынын бюджетине
674,5 млн. сом кайтарылды.
Гезитибиздин өткөн №42 (381)
санына Эсептөө палатасынын
жетекчиси Саралинов Мурат
Назарбековичтин бизге берген
маегин жарыялаган болчубуз.
Палатанын бүгүнкү
күндө жүргүзүп жаткан
иш-аракетине кызыккан
окурмандарыбыз кат аркылуу да,
телефон аркылуу да көптөгөн
суроолорду беришкендиктен, биз
палата жетекчисинен аларга жооп
алып, кайрадан гезит бетине
жарыялоону ылайык көрдүк.
-Мурат Назарбекович, Сиз
жетектеп жаткан Эсептөө
палатасынын функциялары тууралуу
маалымат бере кетсеңиз?
-Эсептөө
палатасы Кыргыз Республикасынын
эң жогорку финансылык аудит
жасаган мамлекеттик орган. Биз
мамлекеттик бюджеттеги
каражаттарды колдонгон бардык
мамлекеттик мекеме-уюмдарда жана
ишканаларда финансылык аудит
жүргүзөбүз. Биздин эң
негизги милдетибиз бул
мамлекеттик бюджеттен ар бир сомдун
туура, мыйзам чегинде колдонулушу.
-Мыйзамды
одоно бузуп мамлекеттик бюджетти
пайдаланган мекеме-уюмдарга кандай
чаралар көрүлүүдө?
-Мурунку
мыйзам боюнча биз тараптан табылган
финансылык мыйзам бузууларды жоюу
боюнча жазма буйрук (предписание)
жиберилсе, эми жаңы мыйзамдын
негизинде ошол бузууларды жоюу
боюнча Эсептөө палатасынын
сунушу (рекомендация) жиберилет.
Башка сөз менен айтканда
мыйзамды одоно бузуп мамлекеттик
бюджетти пайдаланган мекеме-уюмдарга
Эсептөө палатасы тарабынан
финансылык мыйзам бузууларды жоюу
сунушу жиберилет, ал сунуштарды
аткаруу боюнча жоопкерчилик ошол
мекеме-уюмдун жетекчисинин мойнуна
түшөт.
-Демек,
жаңы мыйзамдын негизинде
Эсептөө палатасынын
контролдук функциялары азайды
десек болот турбайбы?
-Сиздин
сурооңуз туура, мындайча
айтканда Эсептөө палатасынын
полициялык
контрол функциясы жоюлду. Бул
бүткүл дүйнөлүк
практикадан чыккан. Учурда
демократиянын негизинде жашаган
мамлекеттерде жогорку финансылык
аудит жасаган орган
полициялык контролду
жүргүзбөйт. Бирок мен айтып
кетет элем, Эсептөө
палатасынын финансылык контролдук
функциясы азайган жок, тескерисинче
көбөйдү. Мыйзамды бузган
мекеме-уюм биздин сунушубузду
аткарбай, финансылык бузууларды
жойбосо, Эсептөө палатасы
Президентке жана Жогорку Кеңешке
мыйзам бузуу маалыматтарын
жибергенге акысы бар. Андан кийин
Президент жана Жогорку Кеңеш бул
мыйзам бузууларды жоюу боюнча иш-аракеттерди
өз контролуна алат.
-Өткөн
жылга салыштырмалуу мамлекеттик
каражаттарды мыйзамдуу пайдалануу
жакшырдыбы же кайра көбөйүп
жатабы?
-Бул
сурооңузду мен тактап кетет элем.
Эсептөө палатасы аудит иш-аракеттерди
мекеме-уюмдарда финансылык жыл
бүткөндөн кийин
жүргүзөт. Азыр 2005-жылдын 9
айынын ичинде биз мекеме-уюмдардын
2003-2004-жылдардагы финансылык иш-аракеттеринин
үстүнөн аудит
жүргүзүп жатабыз.
Ошондуктан азыркы күнгө
мамлекеттик каражаттардын
мыйзамдуу пайдалануусун өткөн
жыл менен салыштыруу толук эмес
болот.
-Жыл
башынан бери мамлекетке ири
өлчөмдө зыян алып келген,
каражаттарды туура эмес
пайдаланган кайсы мекеме-уюмдарды
айтар элеңиз?
-Жогоруда
айтып кеткендей, биз 9 ай ичинде
2003-2004-жылдардын жыйынтыгын
текшеребиз. Ушул 9 ай ичинде биз
тараптан эң көп табылган
финансылык мыйзам бузуулар Кыргыз
Республикасынын Акыйкаттык
министрлигинде (Министерство
юстиции Кыргызской Республики) 37,5
млн.сомдук финансылык бузуулар
болгондугу аныкталды, анын ичинде
33,9 млн.сом Жаза аткаруу боюнча
башкармалыгындагы (ГУИН) финансылык
бузуулар.
Мындан тышкары Билим берүү
жана маданият министрлик
системасында 24,1 млн.сомдук
финансылык бузуулар аныкталды,
Саламаттыкты Сактоо министрлик
системасында 18,1 млн.сом, Экология
жана Өзгөчө кырдаал
министрлигинде 12,9 млн.сомдук
финансы бузуулар такталды.
-Бүгүнкү
күндө Эсептөө
палатасынын укуктарынын
мүмкүнчүлүгү
мамлекеттик бюджеттик каражаттарды
көзөмөлдөөгө
жетиштүүбү?
-Өткөн
жылда эле Эсептөө палатасы
Кыргыз Республикасынын Жогорку
финансылык
көзөмөлдөөчү
органы болуп эсептелинет эле. Азыр
биз Кыргыз Республикасынын Жогорку
аудит жасоочу органыбыз. Биздин
негизги максатыбыз бюджеттик
каражаттардын мыйзам чегиндеги
колдонулушу жана финансылык мыйзам
бузууларды аныктоо. Биздин аудит иш-чаралардын
негизинде финансылык мыйзам
бузуулар аныкталса, бул бузууларды
жоюу боюнча иш-аракеттер мекеме-уюмдардын
жетекчилеринин жоопкерчилигинде.
Бирок Эсептөө палатасы
көзөмөлдөө
функцияларын Президент жана
Жогорку Кеңеш аркылуу аткара
алат. Ошондуктан биздин мамлекеттин
бюджеттик каражаттардын мыйзамдуу
колдонулушун
көзөмөлдөө
жетиштүү деп ойлойм.
-«Эсептөө
палатасы жөнүндөгү»
мыйзамына учур талабына ылайык
толуктоолорду киргизүүнүн
зарылчылыгы жокпу?
-Зарылчылыгы
бар. «Эсептөө палатасы
жөнүндөгү» мыйзам
өткөн 2004-жылдын август айында
кабыл алынган, биздин бул мыйзам
негизинде иштегенибизге бир жылдан
ашып калды. Биздин жумуш
көрсөткөндөй, мыйзамдагы
кээ бир моменттерди
конкреттештирүү зарылчылыгы
турат. Азыр биз ушул максатта иштеп
жатабыз.
-Эсептөө
палатасынын башка официалдык
органдардан айырмасы эмнеде, алар
менен кызматташып жатасыздарбы?
-Биздин
башка укук коргоочу органдар менен
айырмабыз бул полициялык
контролдун жоктугу. Биздин жумуш
мыйзам бузууларды аныктоо жана
аларды ошол укук коргоо органдарына
жиберүү. Биз Башкы прокуратура,
Финансы полициясы, ИИМ органдары
менен тыгыз иштейбиз. Ал
органдардан көп текшерүү
сурамдары келип түшөт. Ал
сурамдардын негизинде биздин
кызматкерлер иш козголгон
фактылардын негизинде мекеме-уюмдарда
финансылык аудит жүргүзөт,
укук коргоо органдарынын
кызматкерлери аудитке катышпайт.
Себеби биздин текшерүү ошол
мекемеде көз карандысыз,
объективдүү өтүүгө
тийиш. Аудит иш-чаралары
бүткөндөн кийин
текшерүү материалдары укук
коргоо органдарына жиберилет.
-Сиз
жетектеген тармакта канча адам
эмгектенүүдө, аларга
түзүлгөн шарттарга да
токтолсоңуз?
-Эсептөө
палатасы борбордук аппараттан жана
үч аймактык бөлүмүнөн
турат. Бардыгы болуп 196 кызматкер
иштейт. Мыйзам боюнча Эсептөө
палатасында 14 аудитор шайланат,
алардын жетөөсүн Президент,
калган жетөөсүн Жогорку
Кеңеш шайлайт. Биздин
кызматкерлер мекеме-уюмдардын
өзүнө барып, ошол жерден
финансылык аудит жасашат. Орто чен
менен алганда аудит мезгили бир-эки
айга созулат.
-Өз
милдетин так аткарып жаткан
кызматкерлер тууралуу эмне айта
аласыз?
-19-октябрь
күнү Эсептөө палатасынын
9 жылдык мааракеси болуп өттү.
Эң алдыңкы, жакшы
жыйынтыктарды көрсөткөн 12
кызматкер «Финансы контролунун
отличниги» деген наамга ээ болушту,
10 кызматкерибиз ардак грамотасы
менен сыйланышты. Келе жаткан 2006-жылы
Эсептөө палатасынын 10 жылдык
мааракеси өтөт. Биздин пландар
боюнча, ошол мааракеде алдыңкы
кызматкерлерибизди мамлекеттик
сыйлыктарга көрсөтөбүз,
бул деле биздин
кызматкерлерибиздин жумушуна
чоң стимул.
-Кадрлардын
квалификациясын жогорулатуу,
Россия жана башка коңшу
республикадагы кесиптешиңиздер
менен байланыш, тажрыйба алмашуу
багытында кандай иштер аткарылууда?
-Ушул
жылдын сентябрь айында биздин
делегация Молдова Республикасында
өткөн КМШ мамлекеттеринин
Жогорку контролдук органдарынын 6
сессиясына катышып келди. Мындай
сессиялар жыл сайын өтөт, ал
жерде КМШ мамлекеттеринин
финансылык контрол органдары
жетишкен ийгиликтер, тажрыйба менен
алмашышат. Россия Федерациясынын
Эсептөө палатасы менен биз
биргелешкен
текшерүүлөрдү
жүргүзөбүз. Былтыркы
жылы Россия аудиторлору биздин
аудиторлор менен бирге Кант
шаарындагы россиялык авиабазада
аудит иш-чараларды жасады.
Аудит чараларга керектүү
информация менен тыгыз алмашып
турабыз. Биздин кызматкерлер жыл
сайын чет мамлекеттик семинарларга
катышат. Былтыркы жылы эле биздин
кызматкерлер Болгария, Малайзия,
Пакистан, Индия, Корея, Австралия,
Япония мамлекеттеринде окуп
келишти. Азыр эки адисибизди
Японияга, бир адисибизди Индияга
жиберүүгө даярдап жатабыз.
Ушул жылдын декабрь айынын
башында Россия Федерациясынын
төрагасы Степашин Сергей
Вадимовичтин чакыруусунун
негизинде, биздин делегация Москва
шаарында өтө турган эки
тараптуу жолугушууга даярдык
көрүп жатат. Москвада биздин
Эсептөө палаталар ортосундагы
өз ара пайдалуу кызматташтык
келишими түзүлөт. Парламент
жана Өкмөт органдары менен
иштөө механизмдер ошондой эле
планда турган Бишкектеги Кыргыз-Россиялык
Славян Университетинде Россия
Федерациясынын Эсептөө
палатасы менен биргелешкен
текшерүүнү
жүргүзүү суроолору
талкууланат.
-Мурат
Назарбекович, бул тармакта мындан
да эффективдүү иштөө
үчүн дагы эмнелерге көп
көңүл буруш керек деп
ойлойсуз?
-Биздин
мамлекеттин эң негизги
максаттарынын бири-коррупцияны
жоюу. Мамлекет өнүгүшү
үчүн коррупцияны жоюу керек.
Ар-бир мекеме-уюм эң биринчиден
өз жумушу ичинде коррупцияны
жоюу иштерине көп көңүл
буруш керек.
Жакында биз Эсептөө
палатасынын «Этикалык кодексин»
киргиздик, ал кодексте Эсептөө
палатанын кызматкери өзүн
кандай алып жүрүш керектиги,
жумушту кандай жасаш керектиги,
бардыгы жазылган. Эми биз ар бир
кызматкер менен келишим
түзөбүз. Эгерде жумуш
ичинде биздин кызматкерибиз «Этикалык
кодексти» бузса, ал ошол замат
жумуштан бошотулат.
|