Главная
          Новости
          Структура Счетной Палаты 
          Нормативные правовые документы
          Аудиторская деятельность
          Взаимодействие с другими органами
          Международная деятельность
          Публикации в СМИ о Счетной Палате
          Архив новостей
          Ссылки
          Адрес Счетной Палаты
          Карта сайта
720033  г. Бишкек, ул. Исанова, 131
телефон (312) 62-20-14
факс: (312) 66-35-71
e-mail: kyrsai@ach.gov.kg
ПУБЛИКАЦИИ В СМИ О СЧЕТНОЙ ПАЛАТЕ

 

АДАШЫП ӨЗ ЧӨНТӨГҮНӨ САЛЫП АЛЫПТЫР

          Бүгүнкү күндүн бул да болсо бир өзгөчөлүгүбү, айтор азыр таш ыргытсаң университет, академия аталган жогорку окуу жайларына тиет. Жаандан кийинки козу карындай жайнаган окуу жайлардын деңгээли жөнүндө өөдө-төмөн кептер айтылып да, жазылып да, баары бир натыйжалуу жыйынтык чыкпай, жылдан жылга «диплом» аталган күбөлүгүн кучактай, кесиби жөнүндө бир ооз кабарды билбей бүтүрүп чыккандардын  катары калыңдоодо.

         Биз, улам козголуп келе жаткан ал маселени эмес, ошол ЖОЖдордун калың дубалдарынан тышка чыкпай, билинбей жаткан былыктар жөнүндө кеп козгодук.

 

         Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Кыргыз мамлекеттик тоо-кен  университетинин жана анын структуралык бөлүмдөрүндө 2004-жылдын 1- апрелинен тартып 2005-жылдын 1-июлуна чейинки аралыкта  бюджеттик жана атайы каражаттардын колдонулушуна карай жүргүзгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгы.

         Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университети 2004-жылдын 20 октябрында Президенттин указы менен мурунку У.Асаналиев атындагы тоо-кен институтунун  жана К.Көолбаев атындагы  Бишкек шаардык жол жана автомобилдик техникумунун негизинде түзүлгөн.

         Башында эскерте кетсек, учурда республикабыздагы вуздардагы профессордук-окутуучулук курамдын санын регламенттөөчү жалпыга бирдей нормативдик документ жок. Билим берүү министрлигинин 2000-жылы кабыл алган буйрук боюнча (2003-жылы Өкмөттүн токтому менен алынып салынган) профессордук-окутуучулук курам 61,5 бирдикти (1 окутуучу 9 күндүзгү жана 40 сырттан окуу бөлүмүндө окуган студентке барабар эсеби менен) түзүүсү зарыл болчу.

         Ал эми текшерүүгө алынган университетте мындай бирдик 91 ди түзгөн, б.а. кабыл алынган нормадан 29,5 бирдик ашыкчалык кылат.

         Аталган университетин окуу бөлүмүндө 2004-2005 жылдагы окутуу жүгүн бөлүштүрүүдө  бюджеттик каражаттардын  кошумча суммада чыгымдыгына жол берилген. Тактап айтканда «саат бөлүштүрүү» кезинде контракт бөлүмүндөгү  окутуу жүгүнүн азайтылышына таянуу менен бюджеттик штат 3.25 бирдикте ал 45-5 миң сомдук бюджеттик чыгымды алып келген.

         Ошондой эле аталган университеттин жетекчилиги жана эсеп бөлүмү тарабынан кассалык дисциплина сакталбай жаткандыгы да байкалбай койгон жок. Мисалы кассир О.Шилина  тарабынан кассалык китепчеге келип түшкөн акчалай каражаттардын өз учурунда түшүрүлбөгөндүгү  үчүн 284.9 миң сомдун дайыны чыкпай (адашып өз чөнтөгүнө салып алыптыр!), ал сумма текшерүү мезгилинде ордуна келтирилген.

         Ошондой эле кассага келип түшкөн каражаттардын ордерлери катталчу китепчеге бир эле номер менен бир нече келип түшкөн акчалай каражаттар (студенттердин контракт акысы) а түгүл чек түрүндө мамлекеттик казынадан бөлүнгөн акчалай каражаттар да катталып, натыйжада 13.6 миң сом дайынсыз кеткен. Аудит жүргүзүп  жаткан кезде 13.0 миң сом ордуна кайтарылды.

         2004-2005 жылдарга керектелген каражаттардын сметасын жазууда дагы казыналык системаны бузган финансылык  чыгым, мыйзам бузууларга жол берилгендики аныкталган.

         Мисалы, тоо-кен институтунун штаттык жүгүртмөсүнө али ишке кире элек Транспорт жана Коммуникация институтуна 16 бирдик (профессордук-окутуучулук курамы) киргизилип, 2005-жылдын биринчи жарым жылдыгында аларга эмгек акы төлөө  фондунан 97.1 миң сом эмгек акы төлөнүп берилген. (Мамлекет түштүктүк туугандар айткандай «өзү жебеген самсага пул төлөп» бериптир).

         Аталган окуу жайы Өкмөттүн 2000-жылдын 26- октябрындагы «Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин түзүү методикасы жөнүндөгү жобосун» бузуу менен академиялык аныктамаларды, зачеттук, студенттик китепчелерди берүү жана аспирантуралык окуу акысын өзүлөрүнө ылайыктай (жогорудагы органдардын уруксатысыз) белгилешип, натыйжада 22.9 миң сом киреше алышкан. Анын ичинде 2004-жылы 10.5 миң сом түшкөн. Ошондой эле атайын каражаттардан казыналык системаны бузуу менен 83.9 миң сом колдонулган.

         Аталган институт Мамлекеттик мүлк фондунун уруксатысыз эле өзүнүн имараттарынан түрдүү чарбалык субъектилерге ижара жай берүүнү адат кылып алган. А түгүл ижара акылары төмөндөлүп, натыйжада 316.1 миң сом суммасындагы ижарадан  түшүүчү киреше алынбай калган.

         Бул өңдүү мыйзам бузуулар контракт бөлүмүнүн  студентерин бюджет бөлүмүнө которуу маселесинде да аныкталган. Мисалы дал ушул маселеге ылайык түзүлгөн комиссиянын жана илимий кеңештин чечимисиз эле декандардын резолюциясынын негизинде 10 студент контракт бөлүмүнө которулган. Натыйжада 2004-2005-окуу жылына атайы каражаттардын эсебинен түшүүчү кирешеге 64.2 миң сом жетпей калган.

         2004-жылы Бишкек техникалык колледжи (БТК) үчүн сметада 1390.9 миң сомдук керектөө каралган. Анын 68.3 %зы же 942.9 миң сому иштелип, кассалык чыгымдар 942.8 миң сомду түзсө, иш жүзүндө 1333.3 миң  сомдук чыгым болгон.

         2005-жылдын 1-жарым жылдыгына смета боюнча 569.3 миң сом королгон болсо, анын ичинен 561.8 миң сомго кредит ачылган (7.5 миң сомго кем), кассалык чыгымдар 407.9 миң сом катары аныкталса, алар иш жүзүндө 800.2 миң сомду түзгөн.

         Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу фактылары атай берсек өтө эле көп. Мисалы атайы кабыл алынган токтомду бузуу менен аталган окуу жайында АУП  кызматкерлеринин эмгек акысына персоналдык кошумча сумма кошулуп, натыйжада 23.8 миң  сом бюджеттик каражат чыгым болгон.

         К.Көлбаев атындагы Бишкек жол жана автомобилдик техникум КМТУнун курамына Президенттин указы менен 2004-жылы киргизилгени менен өз алдынча кесиптик орто окуу жайы катары эсептелинет.

         2004-жылы аталган окуу жайы үчүн сметада 1455.0 миң сомдук керектөө каралаган. Ачылган кредиттер, кассалык чыгымдар аталган суммага туура келгени менен иш жүзүндө 2432.3 миң сом чыгымдалган. Бул жерден 977.3 миң сом коммуналдык кызматтардын акысын төлөө үчүн кошулуп калган.

         Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн тарифтеринин түзүлүшү жана колдонулушун, республикабыздын «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү» мыйзамынын сакталышын текшерүүгө алган Мамлекеттик  антимонополдук саясат боюнча департаментинин  Бишкек шаардык башкармалыгынын адистери аталган окуу жайында 2002-2004-жылдар аралыгында 239.7 миң сомдук киреше негизсиз алынгандыгы аныктап чыгышты.

         2004-жылы аталган техникум өз ара кызматташуу  келишимдерине таянуу менен жеке жана юридикалык жактарга окуу, өндүрүштүк жана жашоого ылайыкталбаган жайларды ижарага берген. Ижараларды жалпы суммасы 522.6 миң сомду түзүп анын 417.6 миң сому гана төлөнгөн. Ижара акыларынан калган суммалар (2004-ж 1-январына карай – 107.4 миң сом; 2005-ж 1-январына карай – 212.4 миң сом) 2004-жылдагы чыгымдардын сметасын аткаруу балансында көрсөтүлбөй калган.



 

 

Шаиста Шатманова

Бишкек - 2006 г.